
Бишкекте муздак сууга болгон тариф 1-июндан тарта жогорулайт. Мындай чечим Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында кабыл алынганы айтылды.
Суунун тарифи төмөнкүдөй болот:
шаардыктар үчүн — бир кубометр үчүн 10,45 сом (азыр 8,10);
бюджеттик мекемелер үчүн — 12,95 сом (азыр 9,10);
башка керектөөчүлөр үчүн — 18,5 сом (азыр 13).
Канализацияны колдонуу үчүн төлөм:
калкка — 3,45 сом (азыр 2,30);
бюджеттик мекемелер — 4,5 сом (азыр 3);
башка керектөөчүлөр — 9 сом (азыр 6).
Белгилей кетсек, муздак сууга тариф акыркы жолу 2019-жылдын ноябрында көтөрүлгөн.