
Бишкектин айрым жерлеринде 5 күн катары менен газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-майдан 26-майга чейин борбор калаанын Фере – Мусоргский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө жаратылыш газынын сызылып агышын жоюу боюнча оңдоо иштери жүрөт.
Буга байланыштуу Саадаев, Жапаров, Республиканская (Ала-Арча дарыясы), ЧЧК, Дачная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.
«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.