Бишкекте милиция кызматкерин сабаган 4 шектүү кармалды

Бишкекте милиция кызматкерин сабаганга шектелип 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 17-майга караган түнү Жал кичирайонунда болгон. Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, К.М. аттуу жаран сабалганы белгилүү болгон. Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Анын баш мээси чайкалып, буту сынган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Шектүүлөр уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турбаганы аныкталган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып, экспертизалар дайындалды.

MyCollages 14 Бишкекте милиция кызматкерин сабаган 4 шектүү кармалды