«Манас» аэропортунан мыйзамсыз ташылып келе жаткан сааттар аныкталды

Бажы кызматкерлери «Манас» аэропортунан 2,2 млн сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан кол сааттарды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сааттар Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген аба жүктөрүнөн табылган.

«ТСКД» ЖЧКсынын дарегине «ROLEX» соода маркасынын 5 бирдик жана «PATEK PHILIPPE GENEVE» соода маркасынын 1 бирдик оригинал кол сааттары келген.

КР Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 2 млн 292 миң сомду, ал эми тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 460 миң 462 сомду түздү.

Факт тиешелүү органдарга катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Foto GTS. 5 «Манас» аэропортунан мыйзамсыз ташылып келе жаткан сааттар аныкталды
Foto GTS. 4 «Манас» аэропортунан мыйзамсыз ташылып келе жаткан сааттар аныкталды
Foto GTS. 2 «Манас» аэропортунан мыйзамсыз ташылып келе жаткан сааттар аныкталды