
Бишкекте коомдук унаада жүргүнчүнүн телефону менен акчасын уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-апрелде милицияга С.Р. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү кичи автобустун ичинде белгисиз жаран курткасынын чөнтөгүнөн баасы 10 миң сомдук iPhone 7 телефонун жана 2 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 26 жаштагы Т.Ч. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.