Жамийла Жаманбаева Акыйкатчы кызматына шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы кызмат ордуна талапкерлерди карап, көпчүлүк добуш менен Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Бакыт Рысбековдун талапкерлигин 20 депутат колдосо, ал эми Жамиля Жаманбаеваны 48 депутат колдоду.

Белгилей кетсек, “Мекенчил” депутаттык тобу жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчылыкка Жаманбаева Жамиля Акматбековнанын талапкерлиги сунуштаган.

Ал эми Рысбеков Бакыт Токталиевичтин талапкерлигин “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы көрсөткөн.

Белгилей кетсек, “Ыйман нуру” партиясы сунуш кылган Кулира Кубатова талапкерлигин алып салган.