ВИДЕО: Чүйдөгү атышууда ИИМ жана УКМК тарабынан куралчан террорист жок кылынды

Чүй облусунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрү тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн.

«ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат»,-деп жазылат маалыматта.