Атышууда эки-күч кызматкер жарадар болду, – видео

Дмитриевка айылындагы атышуудан күч органдарынын эки кызматкери жаракат алды.

Маалыматка ылайык, алардын бири амбулатордук турдө дарыланат экинчиси Улуттук госпиталга жаткырылат.

Белгилей кетсек, бүгүн, эртең менен Чүй облусунун Дмитриевка айылында шектүүнү кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө куралдуу каршылык көрсөткөн шектүү окуя болгон жерде өлтүрүлгөн.