Кореянын пенсиялык фонду 68 кыргызстандыкка акча төлөп берди

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алууда. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кореянын Улуттук пенсиялык кызматына пенсиялык топтомодон акча алуу үчүн 83 адам кайрылып, анын 68ине бир жолку төлөм төлөндү. 10 кишиге акча төлөөдөн баш тартуу тууралуу чечим чыккан, 5 адам чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3 миң 676 долларды түздү.