Президент бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло уткан Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады

Президент Садыр Жапаров Ташкентте өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло уткан кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады.

«Бул жолу Мунарбек Сейитбек уулун кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан коло медаль жеңип алышы менен куттуктайм!

Бул Кыргызстандын жаңы тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы биринчи байгелүү орун.

Мушкерибиз көпчүлүккө Союз маалында атагы алыска кеткен кыргыз бокс мектебинин кайра жандануусунан кабар бергендей таасир калтырды десем жаңылышпайм.

Спортто өйдө-ылдый болуп турат. Коло болсо да бул кыргыз спорту, айрыкча жаш спортчулар үчүн чоң дем шыкак болуп берсе, жалпы спорт ышкыбоздору үчүн чоң сыймык», — деген президент, мушкерге чың ден соолук жана алдыдагы мелдештерине спорттук ийгилик каалады.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө чемпионатында коло медаль утту.

Мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында ушул жылдын 1-14-майында өттү.

f8c5f2c0 da33 4fa9 b0f2 Президент бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло уткан Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады