Алимжан Байгазаков Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордуна шайланды

Бүгүн, 17-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Алимжан Байгазаков Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордуна шайланды.

Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясы тарабынан сунушталган.

Жашыруун электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги колдоо тапты.