Таштанды полигонундагы өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкектеги таштанды полигонунун бир бөлүгүндө пайда болгон өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, волонтерлор да процесске кошулуп, чоң колдоо көрсөтүштү.
«Өрттү өчүрүү жаңы технологияларды, атап айтканда, технотация ыкмасын колдонуунун аркасында мүмкүн болду», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда полигондун аймагын иретке келтирүү улантылууда, ошондой эле полигондун бардык периметрине тосмо курулууда.