
Жол кырсыгынан улам унаага кыпчылып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 15-май күнү кечки саат 21:00 чамасында Чүйдүн Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндө жолдун боюнда Hyundai портер үлгүсүндөгү автоунаанын ээси рулга ээ боло албай бакты сүзгөн. Натыйжад айдоочунун буту кыпчылып калган.
«Чалуу болгон жерге ыкчам түрдө Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу барып, 1982-жылы туулган Н.К. аттуу жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына тапшырып беришти. Жабыркаган жарандын абалы канааттандырарлык»,-деп жазылат маалыматта.