Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, күкүрт кислотасын жана электролиттерди мыйзамсыз сактоого жана колдонууга бөгөт коюу максатында Сокулук айылынын 1984-жылы туулган тургуну «М.Ж.» кармалды.
Такталгандай, жашаган жеринен тиешелүү уруксат документтери жок, аларды сактоо шарттары боюнча мыйзамдарды бузган жана салык органдарында эсепке алынбаган 1 тоннадан ашык даяр электролит, 5 тоннадан ашык күкүрт кислотасы табылган.
Белгилей кетсек, күкүрт кислотасын жана электролитти колдонуунун негизги багыттарынын бири наркотикалык препараттарды, анын ичинде алтын рудаларын кайра иштетүү үчүн өндүрүү болуп саналат.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Home Негизги жаңылыктар УКМК: Күкүрт кислотасын жана электролитти мыйзамсыз сактоо жана пайдалануу фактыларына бөгөт коюлду