
Айтматов РИИБдин Аманбаев айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери “Менин милициям мени коргойт” аталышындагы иш-чара өткөрүштү. Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
“Иш-чаранын жүрүшүндө кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө театрлаштырылган оюн-зооктор аткарылды. Мекенди сүйүүгө багытталган ырларды ырдоо жана футбол оюну менен коштолду. Бул иш-чаранын ачылышын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы милициянын подполковниги Руслан Айманбетов окуучуларга окууларына ийгиликтерди каалап, иш-чараны ачып берди. Калыстар тобунун мүчөсү болуп милициянын кенже лейтенанты Нурбек уулу Улан, ошондой эле Аманбаев айылынын социалдык адиси Венера Калыбекова жана айылдык аксакалдар сотунун төрагасы Анаркул Нурманбетов катышышты.
Иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жана ошондой эле баңгизаттарын колдонуудан оолак болуу, таксикомания сыяктуу зыяндуу заттардан алыс болууга чакыруу. 10дон ашуун мектептердин окуучулары командалары менен катышты”, -деп айтылат.
Балдар өз ара ынтымакташып, достуктан тышкары жакшы көңүл ачышты. Окуучуларды шыктандыруу максатында жеңген командалар РИИБи тарабынан кубок жана медалдар менен сыйланышты.





