“Күн кармаган бала” спектакли тартууланды

К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театры Бишкекке болгон чыгармачылык сапарынын алкагында КР эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раевдин повестинин негизинде, Уланмырза Карыпбаев режиссерлук кылган “Күн кармаган бала” спектаклин тартуулашты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, спектаклди Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баш болгон бир катар мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция, театр күйөрмандары көрүшту.

Министр Алтынбек Максутов жумалыкты расмий ачып жатып, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен атайын искусство дүйнөсун жогорку деңгээлге чыгарыш үчун тапшырмалар берилгенин, ага ылайык быйыл маданий иш-чаралар абдан көп экенин, алардын катарында театрлар жанданып, мурдагыдай гастроль менен борборду, аймактарды кыдыруу мерчемделип жатканын, бул демилге театрлар арасында алаканы бекемдеп, элдин руханий азык алуусуна өбөлгө болорун айтып өттү.

“Күн кармаган бала”: “Үлгүлүү, астыңкы” делген айылдын социалдык турмушуч чагылдырылат: төрөгөн баласын ажатканага таштагандан айбыкпаган аял, жан-дүйнө деградациясына учураган, аракка тоюп алган аракечтер, маңкуртчулук менен алмончоктой кыздын зордуктап өлтүрүлүшү, күнөөлөрүн жашырыш үчүн айыпсыз жетим баланы атайылап машине менен тебелетип о дүйнөгө жөнөтүшкөн адам-айбандар, жеке кызыкчылык үчүн бардыгына көз жумуп, абийирсиз жорук-жосундарга барып жаткан бригадир Митал, илгертен ата-бабасы конуштап келген бир боор айылынын ордуна суу сактагыч куруу демилгесин көтөрүп, элди куураткан, эски мазардын четиндеги бабалардын мүрзөсүн түзөтүп, арбакты тепсеп, жүгөрү айдатып, план толтуруп, даңктуу раис атыккан Басыт жана ага сын айткан чабанды тебелеп-тепсегени ачык көрсөтүлүп, адеп-ахлак кунарсыздыгы, пейилдин бузулушу бүгүнкү мезгилдин да ачуу реалдуулугу экендигин берип турган терең жана көп маанилүү спектакль.

345592403 232537339507068 2657483497494256335 n “Күн кармаган бала” спектакли тартууланды
345445434 6406047919447684 5620435373022244688 n “Күн кармаган бала” спектакли тартууланды