Сүйүнбек Касмамбетов Азербайжан Республикасынын элчиси менен жолукту

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 13-мартта, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Ганлдилов менен жолугушту.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, жолугушуу жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүү пландалып жаткан биргелешкен иш-чаралар талкууланды.