Видео: Москванын Кызыл аянтында Жеңиш парады өтүүдө

 Быйыл 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгы белгиленүүдө. Бүгүнкү салтанатка жети өлкөнүн лидерлери: Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышып жатат.

Парадды Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, армиянын генералы Олег Салюков башкарып, парадды Орусиянын Коргоо министрлигинин башчысы Сергей Шойгу алып барууда. Анын айтымында, парадга 10 миңден ашык адам жана 120дан ашык курал-жарак жана аскердик техника тартылат. Кошумчалай кетсек, парадга Украинадагы “аскердик операцияга” катышкан бөлүктөр да катышууда.

Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков параддан кийин Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө чогуу гүлчамбар коюу пландалып жатканын, андан соң мамлекет башчылары орус президенти менен бейформал тамактанарын билдирди. Кремль ошондой эле парадда коопсуздукту камсыздоо үчүн «зарыл чараларды» көрүүгө убада берди.

YouTube video