Ысык-Көлдө зордуктоо аракети үчүн Монголиянын жараны кармалды

Ысык-Көлдө зордуктоо аракети үчүн өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Монголиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук милициясына Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында чала тааныш жаран эс алуу жайларынын биринде мас абалында зордуктоого аракет кылганын, ага кол көтөрүп, денесине залал келтиргендигин билдирген.

Тергөө-ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип Монголиянын 36 жаштагы Я.Г. аттуу жараны кармалган.

Бул факт Ысык-Көл РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренесинин (Зордуктоого аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Райондук соттун чечими менен кармалган жаранга карата тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган. Учурда Ысык-Көл райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө зордуктоого аракет кылган деген шек менен кармалган 36 жаштагы Я.Г., чындыгында 31 жаштагы Монголия жараны Д.Л. экендиги аныкталган. Ал өз өлкөсүндө бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ошондой эле шектүү Д.Л. башка паспорт менен Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ысык-Көл райондук милициясынынн тергөө кызматына өткөрүп берилди. Материалдар райондук милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) ылайык тергөө иштери башталды.