Каналдагы сууга агып кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен баланын сөөгү табылып, туугандарына берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 9-майда таң эрте Чоң Чүй каналындагы издөө иштерин улантууга Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунан жалпысынан 16 куткаруучу, ИИМдин 2 кызматкери, туугандарынан 25 адам тартылган.

Изделип жаткан баланын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 9:30да табылып, туугандарына өткөрүп беришти.

Белгилей кетсек, 8-май күнү Военно-Антоновка айылында ЧЧКга 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар жана туугандары тарабынан издөөгө алынган.

346040523 628148519173263 7125580553293808685 n 540x630 1 Каналдагы сууга агып кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды