Бүгүн, 9-майда «Жеңиш кубогу-2023» республикалык мелдешине арналган улуттук спорттун түрлөрү боюнча таймаштар жыйынтыкталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Жалал-Абад облусунун «Телтору» ат майданында өтүүдө: көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана башка ат оюндары уюштурулган.
Көк бөрү боюнча мелдештин алкагында Жогорку лигада финалдык оюндар өтөт. «Мурас» менен «Ынтымак» командалары үчүнчү орун үчүн күч сынашса, «Сары-Өзөн» менен «Достуктун» улакчылары биринчиликти талашат.
Күндүн програмасы:
9:00-10:30 — Көк бөрү: «Мурас»-«Ынтымак» (III-IV орун үчүн оюн)
11:00-11:30 — Ачылыш аземи
11:30-12:30 — Эр эңиш (финалдык оюндар)
12:30-15:00 — Ат чабыш
15:00-16:00 — Салбуурун (финалдык беттештер)
16:00-17:00 — Ат оюндары (кыз куумай, тыйын эңмей, эр сайыш, жигит өнөрү)
17:00-18:30 — Көк бөрү: «Сары-Өзөн»-«Достук» (I орун үчүн беттеш)
18:30-19:00 — Сыйлоо аземи.