
Чоң Чүй каналынан 6 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Сокулук району алдын ала маалымат боюнча Военно-Антоновка айылында Чоң Чүй Каналына (БЧК) 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине Сокулук райондук №23 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Кошумча издөө иштерине Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, №86123 аскер бөлүктөн 7 куткаруучу, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 11 куткаруучу жана Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу ошондой эле Сокулук райондук ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылды.

