Казакстандык чек арачылар Чүйдөгү айланма жолдун боюна 800 метр тосмо орнотуп жатат

Чек ара кызматы казакстандык чек арачылар Чүй облусундагы айланма жолдун боюна тосмо орнотуп жатканы боюнча маалымат таратты.

Маалыматка караганда, Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Казакстан өзүнө караштуу 800 метр транзиттик тилкеге тосмолорду орнотуп жатат. Буга чейин спираль түрүндөгү убактылуу көчмө тосмо коюшкан.

«4-майда Казакстан Кыргызстан менен макулдашкандан кийин өз аймагындагы жолдун ачык тилкелерине тосмолорду орното башташкан. Жолго кире бериштин эки тарабында тең кошумча жол белгилери, транзиттик жолдон өтүү эрежелери менен маалымат такталары орнотулган», — деп айтылат маалыматта.