Медведев кыргыз элин Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады.

«Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Биздин аталарыбыз, чоң аталарыбыз душман менен кыргын салгылашууда ийиндеш болуп, душманга каршы турушкан. Алар фронтто баатырларча салгылашып, оорукта жан аябастан эмгектенип, «чуманын» дүйнө жүзү боюнча жайылышын алдын алууга жетишкен.

Бүгүнкү биздин милдет алардын өлбөс эрдиги жана Улуу Жеңишке совет элинин чечүүчү салымы жөнүндөгү тарыхый чындыкты коргоо. Өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, элдерибиздин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо даңктуу ата-бабалардын элесин сактоого кызмат кылат деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Дмитрий Медведев өлкөдө жашаган бардык Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине терең ыраазычылык сөздөрүн айтып, чың ден соолук жана бакубат жашоону каалады.