Жеке ишкер койгон таштанды таштоочу жерди өрттөп кетишкен, – видео

Бишкекте жеке ишкер Чёртиков аталышындагы көчөдө эксперименти ишке ашпай калганын айтып, өкүндү. Башында таштанды таштоочу жайдын абалы начар болгондугун айткан ишкер, жаңы сырларды сатып алып, боеп, тургундарды тазалыкка жана маданияттуулукка чакырайын деген идеясы ишке ашпай калган.

Ал таштанды таштоочу жайды түркүн боекко боеп, чет жакаларын тазалап, жерине брусчатка коюп, жаңы контейнерлерди койгонун айтты. Бир жума өтпөй анын койгон баннери менен таштанды челекти күйгүзүп кетишкен.

Бул жагымсыз иштен кийин, ал тургундардан дагы ушундай жасасам кандай болот же баш тарткан оңбу деген суроону берген.

Тургун ошондой эле, ал кылып жаткан иш шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулап, алар да башка нукка өзгөрөт деген ойдо жасаганын билдирди.

Кеткен чыгымды ал 25 миң сомго баалады.