Дыйкандарга 1 млрд 901 млн 184 миң сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 4-майга карата жарандарга 1 млрд 901 млн 184 миң сом насыя берилди. Бул тууралу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 420 млн 993 миң сомго 1 миң 15 насыя берилген:

– «Айыл Банк» —  246 млн 618 миң сомго 575 насыя;

– «РСК Банк» — 174 млн 375 миң сомго 440 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча 1 млрд 480 млн 191 миң сомго 3 миң 179 насыя берилген.

– «Айыл Банк» — 594 млн 693 миң сомго 1 миң 250 насыя;

– «РСК Банк» — 885 млн 498 миң сомго 1 миң 929 насыя.