«Өлбөс полк» жүрүшүнүн убактысы өзгөрдү

edf

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата өтө турган «Өлбөс полк» жүрүшү мурунку белгиленген убакыттан бир саат эрте башталат.

Буга чейин катышуучулар 9:00дө чогулуп, 10:00дө жүрүштү баштаары айтылган. Өзгөрүлгөн убакытка ылайык, эми алар 8:00дө чогулушуп, 9:00дө Жеңиш аянтын карай жол алышат.

Жүрүш баштала турган жер жана жүрүү багыты өзгөрүүсүз калган. Тактап айтканда, катышуучулар Абдрахманов (Совет)-Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Түштүк дарбазадан чыгып, Жеңиш аянтын көздөй келишет.