
Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун карап жаткан учурда ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Адахан Мадумаровдун ортосунда кайым-айтышуу орун алды.
Жыйында депутат Адахан Мадумаров Акыйкатчынын өзүнө сөз берип, анын да пикирин угууга чакырды.
«Бир эле фракция келип кызматтан кетсин десе эле кызматтан алып салабызбы?», — деген суроо салды.
Ага жооп берген ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Атыр Абдрахматованы расмий чакыртылганын айтып, бирок келбей койгонун билдирди.