Улгайып калган адамдан опузалап 37,3 миң доллар алган блогер кармалды

Опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

18-апрелде 76 жаштагы адам блогерге чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Анын айтымында, апрель айынын башынан бери 40 миң доллар талап кылып, болбосо видеону массалык маалымат каражаттарына жарыялайм деп коркутуп жүргөн. Опузалап алынган суммадан блогер 37,3 миң доллар алганын айткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган жаран кармалган.