Туризмди колдоо фондунда тинтүү иштери эмне себептен жүргүзүлгөндүгү айтылды

Алдын ала маалыматтар боюнча, буга чейин Башкы прокуратура текшерүү жүргүзгөн. Андан соң УКМК кызматкерлери тинтүү иштерин аткарган.

Тинтүү иштери козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү жана айрым расмий документтер конфискацияланганы маалым болду.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айында Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан уставдык капиталы 1 миллиард сом болгон «Туризмди өнүктүрүү фонду» ААК түзүлгөн. Ал президенттин «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн.

Туризмди колдоо фонду жана УКМК бир аздан соң кененирээк маалымат бере турандыктарын кабарлашты.