Жогорку соттун төрагасы: Сот кызматкерлери укугунан аша чапса, редакциядан кечирим сурайт

Бүгүн, 2-майда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Govori.TV мультимедиалык агенттигинин жетекчиси Кайыргүл Урумканованы кабыл алды. Жолугушууда журналистиканын кесиптик баалуулуктары менен сот системасындагы ачык-айкындуулуктун маанилүүлүгү талкууланды.

Анда Базарбеков Бишкек шаардык сотунда журналистке күч колдонулган окуя кылдат иликтене турганын билдирген.

«Негизи мен баардык иште адилеттүүлүктү карайм. Сот системасын жакшырткым келет, ал үчүн ар бир сын-пикир маанилүү. Бүгүн катталган окуяны өз учурунда жеткиргениңер үчүн силерге рахмат! Бул жагдайды териштирем. Эртең, 3-майда Бишкек шаардык сотунун төрагасы жана сот приставдарын чакырып, иштөө жобосу менен таанышам. Акыйкат чечим чыгат. Эгерде аталган кызматкерлер аларга каралган укугунан аша чапса, редакциядан кечирим сурайт. Мен сынды туура кабыл алам, системаны оңдош керек. Жакшы маалымат көп болуш үчүн майда терс көрүнүштөргө убагында чара көрүү абзел. Ошол себептүү ушундай коңгуроолорго өз убагында көңүл буруп, алдын алуу керек. Бул шаардык сотто сот приставдары катышкан алгачкы көрүнүш эмес. Экинчи тарапты дагы угам»,-деген Базарбеков.

Ал эми Кайыргүл Урумканова Govori.TV өз ишмердүүлүгүндө объективдүүлүктү карманып келгендигин айтып, төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Биз бул окуядан кийин тиешелүү органдарга кайрылууну туура көрдүк. Кичинекей катага көңүл бурбай мындан ары кете берсек, чоң көйгөйгө алып келиши мүмкүн. Журналисттик кесип бааланбай калышы ыктымал. Журналисттер коомго маалымат жетирүү үчүн милдет кылбастан күнү-түнү иштейт. Мындай көрүнүштөр бара-бара коомчулук тарабынан журналисттик кесипти сыйлабай калуусуна жол ачат, ага жол бербөө зарыл. Эгерде биз ката кетирсек эч жерге арыз менен кайрылбайт болчубуз. Учурунда сот кызматкерлери катасын мойнуна алып, кечирим сураса маселе жеринде эле чечилмек. Бирок алар чындыкка коошпогон маалымат таратып, мыйзамга ылайык жумушун аткарып жаткан журналисттин өзүн кайра күнөлүү кылуу аракетин көрүштү»,-деп билдирди Урумканова.

Эске салсак, 2-майда Бишкек шаардык сотунда сот приставдары тарабынан журналистке күч колдонулган. Шаардык сотто «Кемпир-Абад» иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы каралмак. Деген менен отурум баштала электе сот приставдары журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып, күч колдонуу менен аны сыртка сүйрөп чыгышкан.