3-майда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу болбойт 

Эртең, 3-майда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-майда саат 08:00дөн 22:00гө чейин Жал-23 кичирайонундагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев, Курчатов, Тыналиев, Миңжылкиев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.