Ысык-Көлдө эки унаа сүзүшүп, айдоочу ооруканага жаткырылды, – видео

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Маалыматка караганда, Чолпон-Ата шаарынын тургуну аял киши «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан. Ал жолдон бурулуп жаткан учурда эркек кишинин башкаруусундагы «Лексус» үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн.

«Лексус» унаасынын айдоочусу өтө катуу ылдамдыкта келе жаткан жана спирт ичимдигин ичип алган.

«Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу ооруканага жаткырылды.