Тартип сакчылары 1-майдан 10-майга чейин күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун талаптагыдай камсыздоо максатында 1-майдан 10-майга чейин ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө маанидеги объектилер күчөтүлгөн кайтарууга алынат.

Майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун камсыздоого республика боюнча 5 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат.

Массалык иш-чаралар жана элдик майрамдар өтүүчү жерлерде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милициянын наряддарынын күчөтүлгөн тартиби каралган.