Асман эко-шаарынын курулушу жакында башталат

default

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушу жакында башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Садыр Жапаров жакынкы мезгилде капсула салынышы пландалып жаткан Асман шаарынын курулуш долбоорун көрүп чыкты.

Асман эко-шаарда алдыңкы санариптик телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды.

asman Асман эко-шаарынын курулушу жакында башталат