ИИМдин жетекчилиги “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында көрктөндүрүү иш-чарасына катышууда

Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Тоолорду туруктуу өнүктүрүү Эл аралык жылынын жана Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында жарыялаган «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнө ылайык, 29-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында көрктөндүрүү иш-чарасы болуп өттү.

«Жашыл мурас» көрктөндүрүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин бринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, министрдин орун басарлары Эркебек Аширходжаев, Нурбек Абдиев, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин башкы башкармалыктарынын жетекчилери, облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын начальниктери, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Ички иштер министринин орун басарлары жана генерал наамына ээ болгон бир катар жетекчилер Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясындагы “Генералдар аллеясына” Тянь-Шань карагайын отургузушту.

Иш-чаранын катышуучулары кыргыздын адеп-ахлактык баалуулуктарынын түпкүлүгүндө жаратылышты сыйлап, бүгүнкү күндө ар бирибиз өлкөнүн уникалдуу жаратылышын сактоого милдетүү экендигибизди белгилешти.

ИИМдин башкы башкармалыктарынын, ОИИБнын жетекчилери окуу жайдын аймагына 100гө жакын арчанын көчөттөрүн отургузушуп, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Андан соң, келген коноктор ИИМдин Академиясынын материалдык-техникалык жабдылышы, санариптештирүү жаатындагы жүрүп жаткан ишмердиктери жана музейи менен таанышып чыгышты.

3bd3d13f 19ee 4940 9b4e ab5ccfba3a9e ИИМдин жетекчилиги “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында көрктөндүрүү иш-чарасына катышууда
58c44cce 1d00 41f4 a784 c2279084827b ИИМдин жетекчилиги “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында көрктөндүрүү иш-чарасына катышууда
4a369288 896f 41ef 979c 5549ed94b278 ИИМдин жетекчилиги “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында көрктөндүрүү иш-чарасына катышууда