
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Орусиялык атаандашы Динислам Бамматовду 7:2 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек, бүгүн Алматыда Poddubny Wrestling League уюмунун кезектеги мелдеши өтүп жатат.
Турнирдин алкагында 19 беттеш болот. Бишкектин убактысы боюнча 19:00дө башталды.
Турнирдин башкы кечесинде Акжол Махмудов менен орусиялык Роман Власов жолугуп, Махмудов аны утту.
Ошондой эле, килем үстүнө Үзүр Джузупбеков жана Тайырбек Жумашбек уулу чыгат.