Жанар Акаев: “Орусияда абактарда отургандарды экстрадиция кылбасак, согушка тартылууда”

Экстрадиция маселесине Башкы прокуратура, Жогорку сот ыкчам аракеттерди көрбөсө болбойт. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Кечээ Ак үйдүн алдына өлкөнүн 7 дубанынан 200дөй ата-эне келип, президент менен жолугууну каалашып, бирок кире алышкан жок. Алардын балдары Орусиянын абактарында түрмөдө кармалууда. Түрмөдө жаткан мекендештерди “Вагнер” сыяктуу компаниялар азгырып, согушка тартуу аракеттери болуп жатат. 

Ата-энелердин айтымында, алардын сөөгү бөтөн жерде келе келекте, бул жактагы абактарга корторуп келсе жакшы болмок. Буга чейин бир нече мекендешибиздин сөөгү келди. Аларды өлүмгө кириптер кылбай, экстрадиция маселесине Башкы прокуратура, Жогорку сот ыкчам аракеттерди көрбөсө болбойт.

Учурда 1064 кыргызстандык Орусиянын абактарында отурат. Ал эми тергөө иштери жүрүп жаткандарды кошкондо 2000ден ашат”, – деди депутат.

Депутат ошондой эле, министрлер кабинетинин өкүлү ата-энелер менен жолугуп коюсун суранды.