Токмокто өрттөн алты айлык ымыркай чарчап калды

Токмок шаарында өрттүн кесепетинен алты айлык ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу Чүй облустук милииясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде Токмок шаардык милициясына Овчаров көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган даректе жашаган 48 жаштагы У.А. аттуу аял бөлмөдө жайгашкан мешке от жагып, жанындагы тапчанга 6 айлык небересин жаткырып, короого чыгып үй жумуштарын менен алектенген.

“Бөлмөдөн өрт чыгып, ичиндеги бөбөк өрттүн кесепетинен чарчап калган. Ымыркайдын сөөгүн жардамга келген бейтааныш жаран алып чыккан. Өрт шаардык өрткө каршы кызматы тарабынан өчүрүлгөн” , – деп белгилешти милициядан.

Аталган факты Токмок шаардык милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Зарыл болгон укуктук экспертизалар дайындалды.