Депутат: бомба тууралуу жалган маалымат тараткандарга жазаны күчөтүү керек

Фото: Апрель

Бомба тууралуу жалган маалымат тараткандарга жазаны күчөтүү керектигин депутат Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Акыркы убактарда борбор калаадагы мектеп жана жогорку окуу жайларда жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган маалымат байма-бай түшүп жатат. 

20-апрелде 30дай билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат түшүп, баарын дүрбөлөңгө түшүрдү. Ал эми кечээ, 26-апрелде дагы бул көрүнүш кайталанды.

Бул мамалекетке миллиондогон зыян алып келип, канчалаган окуу процесстери үзгүлтүккө учурап жатат. Канчалаган ата-энелер, окуучулар, мугалимдер моралдык зыян тартып, укук коргоо кызматкерлери убараланууда.

Бул жагдай боюнча өкмөттүк деңгээлде натыйжалуу иш-чаралдарды өткөрүп, керек болсо мыйзамды күчөтүү керек. Канчага чейин уланат бул нерсе?

Учурдагы мыйзамга ылайык, (Кылмыш Жаза кодексинин 59-беренеси) мындай жалган маалымат тараткандар 52 миңден 100 миң сомго чейин айып салынып же 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мен ойлойм жоопкерчиликти күчөтүш керек деп. Жеңил жаза үчүн жалган маалымат беришип, тайраңдап жатышат”, – деди депутат.

Депутат мыйзам долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.