Беттеште утулган Роман Власов: “кайсы жерден туура эмес кылдык деп анализдеп жатабыз”

 Акжол Махмудов Поддубныйдын күрөш лигасынын беттешинде орусиялык Роман Власовду жеңип алды.

Беттеш 26-апрелде Алматы шаарында өтүп, кыргызстандык спортчунун пайдасына аяктаган.

«Мушташ үчүн өзүңүздү күнөөлөш кыйын. Мен болгон аракетимди жумшадым. Азыр машыктыруучу менен кайсы жерден туура эмес кылдык деп анализдеп жатабыз. Кынтык табуу кыйын. Менимче, кармаш активдүү болду. Актануу жок. Мен күрөштү улантууга даярмын. Мен мындан дагы жакшыраак даярданам. Мен килемге чыга элегиме дээрлик бир жыл болду. Мен жакшыраак даярдана аларыма ишенем», – деди Роман Власов беттештен кийин.