“Темир айым!”: ْРоман Власов Айсулуу Тыныбековага арнап пост жазды

Орусиялык балбан, эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власов кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбековага суктанып, өзүнүн Instagram баракчасына билдирүү калтырды.

«Кыргызстандын сыймыгы! Кыргызстандын күрөш тарыхындагы алгачкы дүйнө чемпиону. Олимпиада оюндарынын байге ээси. Темир айым!» — деп Айсулуу менен түшкөн сүрөтүнүн астына жазган. Айсулуу анын бул постуна жооп кайтарып, «Сиз ар дайым биз үчүн үлгү болосуз»,- деп билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, Ослодо өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Власов менен Тыныбекова алтын медалга ээ болушкан.