Айсулуу Тыныбекова PWL-5 мелдешинде Алина Касабиева менен беттешет

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Poddubny Wrestling League-5 мелдешине катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка караганда, Тыныбекова Россиянын атынан чыгып жаткан Алина Касабиева менен күч сынашат. Белгилүү болгондой, аталган эки спортчу жакында эле Будапештте өткөн эл аралык рейтингдик мелдеште күрөшүп, Айсулуу Тыныбекова атаандашын жеңип алган. Ошондой эле, Тыныбекова рейтингдик мелдештин жеңүүчүсү болгон.

Мелдеш Россиянын Владикавказ шаарында өтөт. Эки спортчунун беттеши 29-июлда болот.

screenshot 1 2 Айсулуу Тыныбекова PWL-5 мелдешинде Алина Касабиева менен беттешет