“Бул күрөштү көп адамдар күтүп жатышат”, – Власов менен Махмудов беттешет

Грек-рим күрөшү боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону россиялык спортчу Роман Власов кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен беттеши тууралуу суроолорго жооп берди.

«Мага Акжол менен беттеш боюнча көп адамдар жазышат. Ал чынында Олимпиаданын күмүш байгесин утуп, спортчу катары өзүнүн канчалык өсүп чыкканын көрсөтө алды. Бир жерде жолуксак кызыктуу болмок. Менимче, бул күрөштү уюштуруш керек окшойт. Анткени убакыт өтүп жатат… Бул күрөштү көп адамдар күтүп жатышат», — деген ал.