Казанда 12-кабатта жашаган кыргызстандык кыз боюн таштады

Казанда 12-кабатта жашаган 2002-жылы туулган Б. кызы А. аттуу кыргыз кыз боюн таштап, жеринде каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз 2021-жылдын март айында апасы менен чогуу Москвадан Казанга барган.

«Окуяны Казандагы Москва районунун тергөө органдары териштирүүгө алышты жана өлүмдүн чоо-жайы иликтенип жатат. Элчилик Татарстандын укук коргоо органдары менен байланышууда. Элчилик каза болгон кыздын апасы менен байланышты, ал ММКларга кызынын өлүмү боюнча маалымат таратпоону суранды. Ага маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүнүн тартиби боюнча кеңештер берилди. Сөөк 5-декабрда Москва аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлдү”, — деп билдирди элчилик.

e5baa024bbd57b12960f9ab8609afdcf Казанда 12-кабатта жашаган кыргызстандык кыз боюн таштады

“Казанские ведомости” порталынын маалыматына караганда, бул окуя 30-ноябрда Восход көчөсүндө болгон. Кыз 11-12-кабатта жашаган. Тергөө комитетинин алдын ала версиясы боюнча, ал өзүн-өзү өлтүрүү максатында секирген, бирок буга карабастан тергөө уланууда.