Кызыл-Туу айылынын тургундары зордуктаганга шектелген жарандын үй-бүлөсүн айылдан чыгып кетүүсүн талап кылышууда

Сокулук районунундагы Кызыл-Туу айылынын тургундары 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганга шектелген жарандын үй-бүлөсүн айылдан чыгып кетүүсүн талап кылышууда.

Алардын айтымында, шектүүнүн үй бүлөсү айылдан көчүп кетүүсү керек.

«Булардын үй-бүлөсү эртеңкиге чейин көчүп кетүүсү керек. Башка жаман окуялар болуп кетпөөсү үчүн ушудай кылуусу зарыл. Бул биринчи гана жолу эмес, үчүнчүсү болуп жатат. Мурункуларында жазадан кутулуп кетиптир. Кордолгон кыздын жакындары өзүн карманып жүрө албайт да, алдынан чыгып кездешип калса эмне болот», — дейт айылдын тургуну.

Чогулган жашоочулар Аксакалдар кеңешин бул маселени карап чыгып, чечим кабыл алуусун талап кылышууда.

Эске салсак, факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыздын атасы арыз менен кайрылып, анда ал 2021-жылдын 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз адам Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, аны зордуктап салганын билдирген.

Чүй облустук ИИББнын жана Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, окуя болгон күнү 5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин жашоочулары жогорудагы окуя боюнча болжол менен 50дөй киши Сокулук РИИБнин имаратынын алдына чогулушкан. Алар менен Сокулук РИИБнин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, ал иш көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөрүн билдирген соң, чогулгандар таркап кетишкен.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери улантылууда.