Камчыбек Жолдошбаев былтыр 609 миң 346 сом киреше тапкан

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев 2020-жылы 609 миң 346 сом киреше тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.

Депутатка 1 батир жана «Беш-Сары» соода борбору катталган.

Ал эми Жолдошбаевдин жакын туугандарынын да киреше-чыгашасы, мүлкү тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.