Эл өкүлдөрүнүн айлык маянасы көбөйдү

Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлык маянасы көбөйдү. Бул тууралуу маалыматты эл өкүлү Тазабек Икрамов тастыктады.

Анын айтымында депутаттык фондду эске алганда 100 миң сомго жакын айлык алат.

Эске салсак, 2021-жылы президент Садыр Жапаров депутаттардын маянасын азайтууга кол койгон.