Акыркы жылдары чет өлкөдөн боорун алмаштырууга муктаж болгон жарандар абдан көп болууда. Мунун бир себеби адамдын боорун билинбей жарактан чыгарган эхинококкоз дарты. Адистердин айтымында, бул илдетти адамдар көбүнчө үй жаныбарлардан жуктуруп алышат.

photo 5253966625307211667 y Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты

«Балдарым үчүн жашагым келет»

Эхинококкоз ооруга чалдыгып, үч жылдан бери дал ушул оорусу менен күрөшүп жаткан Нарын облусунун Ак-Талаа айылынын тургуну Мирбек Исабек уулу. Анын айтымында, илдет жармашкан боору жарактан чыгып, аны алмаштыруу зарыл болууда. Бирок мындай оор операция Кыргызстанда эмес, Түркияда же Индияда жасалгандыктан баасы 50 миң доллардан жогору турат.

«Алгач бул ооруну көп убакытка чейин өзүмө билинген жок. Кийин ичим ооругансып, оозума башкача даам келе баштады. Башым айланым өзүмдү жаман сезе баштаганда райондук ооруканага бардым. Ал жактан мени борбор калаадагы ооруканага жиберишти. Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна баргам. Ал жактан Бишкек шаардык биринчи ооруканага жиберишти. Дагы текшеришип, биринчи альвеококкоз диагногун коюшкан, кийин кайра эхинококкоз деген диагноз коюшту. Мите боордун алтынчы сегментинде жайгашканын айтышты», — деди ал.

Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты

«Жолдошумдун боорун алып салышты»

Ушундай эле ооруга чалдыккан дагы бир каарманыбыз Нуризанын (аты өзгөртүлдү-ред) жолдошу жана кичү уулунан байкалган. Оорунун белгилери алгач уулунда байкалган. Ажатканага бат-баттан каттап калгандыктан, бөйрөгүнө суук тийгизип алган окшойт деген шек менен аны ооруканага алып барышкан. Жыйынтыгында жолдошунан жана уулуна эхинококкоз деген диагноз коюшат.

«Жолдошум Индиядан операция болуп, боорунун 60 пайызын алып салышты. Операциядан кийин майып болуп калды. Ал дайым дарыгердин көзөмөлүндө», — дейт Нуриза.

Жолдошунун дарты аныкталгандан кийин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардагы текшерүүдөн өтүшкөн. Ошондо анын уулу дагы эхинококкоз менен ооруганы билинген.

Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты

«Баламдын бооруна операция жасашып эхинококкоздун курттарын алышкан. Учурда дары-дармек менен жүрөт», — деп түшүндүрдү ал.

Жолдошу экөө койчу болуп иштейт. Өзүнүн мал-жандыгынан сырткары элдикин да жайлоого алып чыгат.

Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты

*Эхинококкоз – бул илдетти эхинокок жаратат. Башкача айтканда  киста же ыйлакча болуп өсөт. Курттун туруктуу жожоюну болуп, ит жана мышык. Ал эми алып жүрүүчү болуп адам, уй, кой жана башка үй жандыктары болуп саналат. Иттин ичегисинен эхинококкоздун жумурткалары бар муунагынын үзүлүп түшүшү, малга жана адамга жугуу жолдору альвеококко митичесиндей эле окшош. 

photo 5352764737269646592 y Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты

*Бул илдет адам итти сылап-сыйпоо менен, колуна эхинококктун жумурткаларын жугузуп алышы мүмкүн. Эгерде ошол адам колун самындап жуубай тамактанууга киришсе, анын колундагы майда жумурткалар тамак менен кошо жутулушу ыктымал.

«Ит-мышыктарды эмдөөдөн баш тарткандар жоопкерчиликке тартылат»

photo 5352764737269646593 y Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты
Дайыркул Саткынов

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткыновдун айтымында, ит-мышыктарды эмдөөдөн баш тарткандарга жоопкерчиликке тартылат.

«Ит-мышыктарды эмдөөдөн өткөрбөсө кожоюндарына коркунуч бар. Себеби жылдан жылга ит-мышыктан адамдарга жугуучу альвеококко, эхинококкоз жана кутурма оорулары чыгып жатат. Ошондуктан жугуштуу ооруга каршы эмдөөдөн өткөрүш керек. Эгерде үй жаныбарынын ээси вакцинадан баш тартса ветеринардык адистер айып салууга укугу бар. Ал эми жолбун ит-мышыктардын көйгөйү татаал. Шаар жеринде аларды жайгаштыруу үчүн атайын жайлар жетишсиз. Ал эми айыл жергесинде такыр эле жок. Ошондуктан аларды, тилекке каршы, аттырып, санын кыскартууга туура келүүдө», — дейт ал.

Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты

Ошондой эле, ал үй жандыктардан адамга жугуучу оорулардын алдын алуу үчүн жыл сайын бекер дарылоо жүрүп турарын билдирди.

«Чет элдик уюмдардан  альвеококко жана эхинококкоз оорусун алдын алуу үчүн бекер дарылар келип турат. Аны биз региондорго таратабыз. Үйүндө ит-мышыгы бар жарандардын иттер, мышыктары мамлекеттик каттоодо турса гана берилет. Ал эми каттоодо жок иттер айыл өкмөттөр тарабынан атылып турат», — деди ал.

photo 5352764737269646595 y Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты
 

Таза жүргөндүн дени сак

Ал эми ооруларды алдын алуу жана санэпид козомолдоо департаментинде мите курт оорулары боюнча башкы адис Жумагүл Усубалиева адамдар бат-баттан дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, турса оорунун алдын алууга жеңил болорун билдирди. Анын айтымында, ооруну жуктурган киши дарыгерге кеч кайрылса анда боорду алмаштырууга туура келет. 

photo 5352764737269646597 y Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты

«Бул ооруну жуктургандар абдан көп. Бул оорунун башка оорулардан өзгөчөлүгү өтүшүп кетсе бир гана операциялык жол менен боорду алмаштырууга болот. Оору аябай өтүшүп кетсе, анда өлүмгө дагы алып барышы ыктымал. Кыргызстан агрардык мамлекет болгондуктан баардык эле жерде үй жаныбарларды кармаган адамдар бар. Союз тарагандан бери альвеококко жана эхинококкоз оорусу жылдан жылга өсүп келе жатканы байкалып атат», — деди ал.

Усубалиеванын айтымында, жаш балдар арасында дагы эхинококкоз оорусун жуктуруп, операция жолу менен дарылангандар көп болот. Бирок илдет кайдан, качан жукканын так аныктоо мүмкүн эмес. Себеби оорунун белгилери бир топ убакыт өткөн соң байкалат.

«Миңдеген операциялык жол менен дарыланып аткандарыдын ичинен эң өкүнүчтүүсү 21-24%га чейин бул 14 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр түзөт. Операция болгондон кийин кайрадан үч курс дарылануу зарыл. Тилекке каршы операция болгон адамдар ошол дарыларды ичпегендиктен 3-4 жолу операция жолу менен дарыланышат», — диди ал.

Мындан тышкары, ал ит-мышыктарды үч айда бир же жылына төрт жолу өткөрүү керектигин  белгилеп, дарылоодон өткөн ит-мышыкты 72 саатка байлап коюуу керектигин кошумчалады.

photo 5352764737269646598 y Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты

Буга чейин «Азаттык» үналыгысына дал ушул илдет боюнча материал чыккан. Анда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында 20 окуучудан альвеококкоз жана эзинококкоз илдети аныкталган. Айыл өкмөт тарбынан оору жайылбаш үчүн, малдын ички органдарын 12 метрлик беккари чуңкур казылып иштеп баштаган. 

photo 5352764737269646599 y Адамдын боорун жарактан чыгарган эхинококкоз дарты

Аны иштетткен айылдык ветеринар малдын ички органдарын 100 сомдон сатып алып турат. Ага жардам катары айыл өкмөт тарабынан жыл сайын акча бөлүнүп турат.

«Ар бир жумада эки күн ички малдын ички органдарын сатып алып турам. Эл дагы көнүп калды. Кээде өздөрү алып келип беришет, кээде айылды кыдырып өзүм сатып алам. Жугушту илдеттерди алдын алуу үчүн ушул 12 метрлик атайын жасалган чуңкурга салам. Бул жер атайын тосмолор менен тосулган. Бул айылдан бир канча метр алыс жайгашкан», — деген айылдык ветеринар.