Россиянын Екатеринбург шаарында кыргызстандык бала жоголуп табылбай жатат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан бала 21-апрелде мектепке чыгып кеткен боюнча үйүнө кайткан эмес. 22-апрелде ата-энеси полицияга кайрылган. Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкерлери полиция бөлүмүнө барып, жоголгон окуучунун ата-энеси менен жолукканы айтылды.
«Тартип сакчылары издеп жатышат. Консулдук бул кооптуу окуя боюнча Екатеринбургда социалдык тармакта түзүлгөн 100дөн ашык топторго кабарлады», — деп билдирди ТИМ.